Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 7 тургуну ууланып, үчөөсү каза болду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кечээ ууланган 7 адамдын үчөөсү оорканага бара жаткан жолдо үзүлгөн, төрт адам Аксы аймактык ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы оор деп бааланууда.
Жарандар эмнеден ууланганы так аныктала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар спирт ичимдигинен ууланышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ