Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда ремонт иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоп түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталган. Аталган объекттин наркы 47322,986 миң сомду түзүп 160 бейтапка ылайыкталган.
Капиталдык оңдоп түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 22 млн.500 миң сом каржыланды.
Азыркы тапта жылытуу системасы толугу менен жаңыланып электр тутумдарын, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрүн орнотуу аягына чыкты. Учурда, имараттын ички жасалгасына байланыштуу жумуштар кызуу жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ