Menu

Жер шыпыргандардын айлыгын көтөрүш зарыл

Бөлүшүү:

Эмне үчүн мигранттар Москвада, Екатеринбургда, Санк-Петербургда жер шыпырып оокатын жасап жүрөт? Болгондо да мугалимдер, доктурлар, экономисттер убактылуу болсо да кесибин жер шыпыргычка алмаштырды. Анткени бул кесиптин айлыгы жогору. Эптеп турмушун жакшыртууга ошентип аргасыз болушту. Миңдеген мекендештерибиз учурда бөтөн жерде уйку бетин көрбөй суукта, аптаптуу мезгилде буйдалбай иштеп келатат.

Ал эми Бишкекте, Ошто,Жалал-Абадда жер шыпыргандардын азыркы абалы кандай деңгээлде? Карга какылдай электе туруп, колуна шыпыргысын алып ишке киришкен жумушчуларды дайыма көрөбүз. Көзүн май баскандар уйкусурап ошондой бечараларды дөңгөлөктүн алдында тебелеп кетип жатканы кайсы логикага сыят? Булардын мээнетине  баа бербей, акыр-чикирин ойкелди жерге ыргыткандардын жосуну мактоого  татыйбы? Балээниби.  Демек, өкмөт жер шыпыргычтардын маянасын биринчи иретте чечүүсү учур талабы. Жылуу жерде, жумшак креслодо чалкалагандардын айлыгынын эсебинен болсо да бул маселени ордуна келтирүү кажет. Ошол эле чиновниктердин таза шыпырылган көчөлөрдө, аллеяларда жайкалып басканы жер шыпыргычтардын ак эмгеги экенин унутпайлы.  Ушуну мамлекеттин  башындагылар, эл өкүлдөрү иш жүзүнө ашырылышын талап кылбаса көйгөй такыр ордунан жылбайт. Себеби, кандай маселе болбосун жогорку жерлерде калыпка салынганда гана иштей баштайт.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: