Өлкөдөгү атактуу жарандар тарабынан той-ашка уруксат берүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
“Аттуу-баштуу эле биздин адамдарыбыз кайрылып жатышат. Той-ашка уруксат берүүнү суранышууда. Бирок ал жерге көпчүлүк адамдар чогулушат. Ошондуктан биз азырынча уруксат бере албайбыз. Анткени эпидемиологиялык абал өзгөчө Бишкек шаарында кооптонууну жаратууда. Борбордо бүгүнкү күндө 610 учур катталды. Абал курч бойдон калууда. Ошондуктан бул маселеге түшүнүү менен караңыздар”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ