Menu

ИИМ кызматкерлери миллиондон ашык акчаны кымырып алган

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 1 млн. 40 миң сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык прокуратурасы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы административдик мыйзам бузуудан жана виза режимин бузган чет өлкөлүктөр төлөгөн айыптан түшкөн каражат кымырылган коррупциялык схеманы аныкташты.

Алынган маалыматка ылайык, 2015-жылдан 2018-жылга чейин ИИМдин Ленин, Свердлов райондорунун ички иштер башкармалыктарынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери “Р” аттуу компания менен келишип алып, 104 мыйзам бузуудан 1 млн. 40 миң сом кымырышкан. Алар айып катары төлөнүүчү акчаны “Р” компаниясынын кассасы аркылуу өздөрүнө алышкан. Бул кылмышты жашырыш үчүн кийин документтерди жок кылышкан.

Учурда факт боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соттук өндүрүшкө чейинки тергөөнү баштап, иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул окуя милиция кызматкерлери башка “шабашкасын” мындай кой, айыппулдарды да эбин таап сол чөнтөккө солоп алышкандыгы мыйзамдын коргоочусу эмес эле, ууру экендигин айгинелеп турат. Балким ИИМ системасында ушундай кыңыр иштер миңдеп саналар. УКМК менен Башкы прокуратура текшергенде гана айрым жашырууга мүмкүн болбогон кыңыр иштер ачыкка чыгып калууда. Андыктан министр К.Жунушалиевдин ишти эң оболу өз кызматкерлерин тазалоодон баштаганы туура болчудай. Ошондо гана эл милицияга ишенип калмак.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: