Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге облустун аймагында кара-куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жапайы кара-куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу максатында иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун аймагында 22 гектар жер аянтында жапайы өскөн кара-куурай жок кылынган. Ошондой эле операция учурунда баңгизаттар менен байланышкан үч кылмыш иши аныкталган. Ал эми 7 айдын жыйынтыгы менен облус аймагында баңгизаттар менен байланышкан 91 факты аныкталган. Жалпысынан алганда 967 кг ашык салмактагы баңгизат жана прекурсорлор алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ