Маалыматка караганда, 26-январь күнү 1934-жылы туулган М. Ч., аттуу пенсионер милицияга кайрылып, белгисиз түгөйлөр ишенимине кирип, Орусия президенти Владимир Путинден материалдык жардам сурап берүүнү убадалап, 939 миң сомун алып кетишкенин кабарлаган.
Арыздануучунун билдиришинче, 30-35 жаштагы түгөйлөр өздөрүн пенсионерлерге жардам берүүчү комиссиянын кызматкерлери катары тааныштырышкан.
Бул кылмышка шектелип сегиз киши кармалды, алардын төртөө Өзбекстан жарандары, калгандары – кыргызстандыктар.
Милиция алар жашаган үйлөрдө тинтүү жүргүзүүдө. Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар буга окшош дагы беш кылмышты ишке ашырышканын моюнга алышты.
Бул факт боюнча “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ