Menu

Исабеков кызматка келеби?

Бөлүшүү:

Өкмөт башчылыгына Сапар Исаков келип, министрлер кабинетин негизинен жаштар ээлей тургандыгы айтылууда. Бул элге чоң ишеним тартууларына шек жок. Себеби, коомчулук канча жылдан бери бийликке жаштар келсин деген талапты коюп келишкен. Апрель төңкөрүшүндөгү негизги максат да ошондо болгон, эски малдын көзүндөй болгон кишилер кетип, жалаң жаш жигиттер өлкөнү орго тартсын деген максат менен кырчындай жигиттер өз өмүрүн берген. Тилекке каршы, жагдай-шартка жараша талаптар дароо орундалбай келди, бирок ийгиликтин эрте кечи жок дегендей, президент кеч болсо да өз сөзүн аткарып, жаштарга өткөрүп берүүдө. Кызыгы, Кубанычбек Исабеков деген акжолчу Сапар Исаковдун кабинетин жыртып, ат тезегин кургатпай желип жортуп жүргөн кези. Өзү да мурункуга караганда шайдоот. Дегенибиз, Кур-Салиевич качкандан бери өзүнөн-өзү чүнчүп, жүдөп кеткен эле. Азыр дердейе түшүптүр. Ага катар багы ачылып, жаңы кызматка келери айтыла баштады. Эгер сөздөр туура чыгып, Кукең бийликке жетсе логика сынып калбайбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: