Menu

Министр Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси  Алок Амитабх Димрини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Индиянын Премьер-министри Н.Модинин 2019-жылдын июнь айында КРга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, алдыдагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда, атап айтканда, ушул жылдын  9-11-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Namaskar Eurasia Trade Exposition” көргөзмөсүн уюштурууда эки жактын бирдей максат коюусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: