Menu

Коляскачан жаш энелердин жарышы болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ 14-сентябрь күнү Бишкекте башкаларга окшобогон “Кайрымдуу күз” аттуу кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда биринчи жолу  болуп жаткан жаш энелердин коляска менен жарышы да орун алды. Бул жарышка 30 жаш эне катышкан. Ал эми баш байгеге кичине балдардын велосипеди  коюлган.

Жарманкенин уюштуруучусу фитнес-модель Алиске бул ой ага мурда эле келгенин, бирок  шаардын парктары сунушун четке кагып койгондуктан ылайыктуу жер издеп жүргөн айтты.

“Негизи бул жарманке 31-августа болмок, бирок  ар кандай себептерден улам ушул күнгө жылган. Мен жыйынтыгына абдан ыраазы болуп турам. Мага жакканы биз бир гана балдарга жардам бербестен, энелерге да жардам бергенибиз, анткени  алар ар дайым төрөгөндөн соң кантип өзүмө келип дене түзүлүшүмдү калыптагыдай сактайм деп ойлонушат. Аз убакыт мурда мен сулуулар конкурсуна  даярданып жүргөндө баламды коляскасы менен сүйрөп жүрчүмүн. Ал менин дене түзүлүшүмө туура таасир эткендиктен мен ойлондум “муну эмнеге жайылтпашым  керек” деп коляска бир гана балдарды салуучу эмес энелерге спорттук машыктыруучу да боло алат экенин көргөзгүм келди. Бул жарыштан кийин көптөр ыраазычылыктарын билдирип жатышат”-деди уюштуруучу.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: