Өткөнкү макалаларда Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Текебаев «Ак Кеме» мейманканасынан өткөн-кеткенди кечиришип, эзелки кектерин унутуу үчүн кол алыша элдешкенин жазган элек. Анан эле Текебаевдин камалышы менен Келдибеков табалаган маанайда үн катса, ага Жылдыз Жолдошова ортоктош болуп, бугун төгүп алышкан. Мындай көрүнүшкө ачууланган оппозиция өкүлдөрү Келдибековдун кадамын сындап, ортодон Равшан Жээнбеков катуу айтканга дейре барса, Ахмат акеңер кайрадан журналисттер журтчулугу аркылуу сөзүн оңдоп, Өмүкеге жан тарткан кишиче кайрылуусун жасады. Ооз учунан жасалмалуулукка ыктаса дагы. «Кекти каапырга гана жаратыптыр» дешет. Келечекте эл башкарчу лидерлер кек куумайдан бийик болуп, кечиримдүү болушса не? Ошондо болочогуна жол чабылат эмеспи. Ушинтип отурушса, лидерлерге кантип ишеним болсун?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ