«Жебегени жердин астында» – деген сөзгө ишенгиң келип кетет экен. Канча бийик кызматтарды аркалап, байлыкка, бийликке, сыйлыкка туйтунса да адам деген тойбойт тура. Дегеним, Эсеп палатасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын түзүмдөрүнө 2015-2016-жылдарга карата жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында 2,9 миллион сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул жылдар аралыгында академияны Абдыганы Эркебаев башкарып турганы маалым. Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп турганда бир топ чуулар коштолсо да камырдан кыл сууругандай кырдаалдан чыгып кетип жатып, кызматын араң өткөргөн аксакал буга эмне дээр экен? Өзүн периштедей көргөзгүсү келген Абдыганы мырза жооп берсин эми.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ