Таажывирусун жуктуруп алгандардын ичинен 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
“Ноокат районунда 59 жаштагы эркек кишинин абалы стабилдүү оор. Ош шаарында жандандыруу бөлүмүндө жаткан 45 жаштагы эркек киши өтө оор акыбалда, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Ош шаарында дагы 63 жаштагы жана 60 жаштагы аялдар стабилдүү оор акыбалда, кычкылтек менен дем алып жатышат. Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы эркек кишинин акыбалы стабилдүү оор. Азыр динамикасы жакшы болуп жатат, буйруса бүгүн кадимки палатага которобуз. Нарын шаарында 60 жаштагы аял киши стабилдүү оор акыбалда, кычкылтек менен дем алып жатат” – деп билдирди Касымбек Мамбетов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ