Menu

Азербайжан парламенти өзүн-өзү таратууга макул болду

Бөлүшүү:

Азербайжанда парламент 2-декабрдагы жыйынында өзүн-өзү таратуу сунушуна макул болду жана президент Илхам Алиевге мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоону өтүнүп кайрылды.

Азербайжан парламентинде Илхам Алиевдин “Жаңы Азербайжан” партиясы үстөмдүк кылат. Аталган партия өткөн аптада “парламенттин азыркы курамы Алиевдин саясатына төп келбейт” деген мазмундагы билдирүү тараткан. Парламентти таратууга депутаттардын 99у “макул”, бирөө “каршы” деген добушун берди. Бирөө добуш берүү укугунан пайдаланган жок.

Бул өлкөнүн мыйзамы боюнча парламентти президент гана тарата алат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону да мамлекет башчы дайындайт.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппоизициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев 10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: