“Акын Темирлан Ормуковдун доо арызы боюнча сот Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат берүүнү мыйзамсыз деп тапты. Эгер мага туура маалымат берилген болсо, анын абалы Садыр Жапаровдун абалы менен бир аз окшош”, – деп билдирди экс-премьер-министр жана депутат Феликс Кулов Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.
Кулов белгилегендей, Жогорку сот Текебаевдин дагы, Жапаровдун дагы кылмыш иштерин кайрадан кароо үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Ал эми Жапаров соттун чечиминен кийин дароо премьер-министр, ал эми Текебаев депутат болду.
“Эми биздин соттор Садыр Жапаровду премьер-министр кызматынан алышабы, алар ушунчалык көзкарандысызбы?”, – деди Кулов.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ