Menu

Депутат президент сындаган судьяларга сөгүш гана берилгенине нааразы болду

Бөлүшүү:

“Коом сот тармагында адилеттүүлүктүн орноп баштагынын сезе элек” – деди депутат Жанар Акаев бүгүн, 26-февралда ЖКнын кезектеги жыйында.

Депутат Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент сындаган судьяларга сөгүш гана берилгенине нааразы болду.

“Силер президенттин айткан сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар. 100 миң пара менен кармалып, 12,5 жылга кесилген Насирбек Алмаматовду кое берген сотторго тартип комиссиясы сөгүш берип коюптурсуңар. Бул деген, мындан ары дагы коррупция менен болгон күрөшкө соттор тарабынан саботаждар улана берет деген сөз” – деди депутат.

Жанар Акаев сот тармагында реформа болбой жатканын айтты.

“Президенттин аппараты Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерди алып келдиңер. Арасында бир дагы бунтарлар жок. Адилеттүү, элге кадыр-баркы сиңген, өзүнүн калыстыгы менен белгилүү болгон адамдардын кандидатурасын алып келбей жатасыңар. Ошол үчүн сотко анын ичинде бийликке болгон элдин ишеними төмөндөй берет” – деди эл өкүлү.

Депутат тартип комиссиямынын төрайымына кайрылып, “Эмне үчүн ошол сотторго сөгүш гана берилди?” – деп сурады.

Тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова: “Мыйзамга ылайык, тартип комиссиясы тогуз адамдан түзүлгөн. Үч адам сот системасынан, үчөө Жогорку Кеңештен жана үчөө президенттен. Тартип комиссиясында маселе добуш берүү менен чечилет. Коллегиялык орган болгондуктан, добуштун негизинде ушундай чечим кабыл алынды” – деп жооп берди.

“Жогорку Кеңештеги фракциялар дагы тартип комиссиясындагы курамыңарды карап, соттук реформага ЖКдагы фракциялар дагы жооптуу экенин унутпасак” – жеп жыйынтыктады депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: