Menu

Махабат Мавлянова, ЖК депутаты: «Жылаңач жүрсө болот экен” деген ойго жаштарды жетелеп, кечиримсиз иш жасады»

Бөлүшүү:

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминналедеги элдин алдына жылаңач чыккан кыздардын видеосу менен сүрөттөрү социалдык тармактарга тез тарап, ал сынга кабылды. Чынында мындай жат көрүнүштү “киргиздер” эле кабыл албаса, кыргыздар кабыл алган жок. Бул иш-чарага барып, аны колдогон экс-президент Роза Отунбаева да кепке калды. Мисалы, депутат Махабат Мавлянова ал тууралуу өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.

«Канчалаган кыздардын жылаңач жүрсө болот экен деген ойлорун бекемдөөгө жетишти. Кечиримсиз иш жасады! Мүдөөсүнө жетти! Музейде иштөөгө моралдык жактан укугу такыр калган жок. Кыз-келиндерибизди улуттук баалуулуктар менен тарбиялоо керек! Ансыз да глобализацияга шылтоолоп, 30 жылдан бери улуттук иденттүүлүгүбүздү жоготуп баратабыз! Аттуу-баштуу деген, үлгү болчу энелерибиз ушинтип олтурса, жаштар кайда барат?»,-деп жазган.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал бүгүн, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Ал министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жар салды. Ага өзү түрткү болду, себеби, феминналеде дырдай жылаңач кыздар чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинген. Ага коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек Мырза, Төрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты. Ал эми аны уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп, ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: