Menu

Укук коргоо органдарынын рейдерчилик өкүмзордугун ким тыят? – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Жээнбековго аргасыз кат

Урматтуу Президент!

Өзүнүз жер-жерлерге барып карапайым эл менен түз жолугушканыңызда укук коргоо органдарынын өздөрү тарабынан одоно мыйзам бузууларга жол берилип жатканын жабырлануучулардын өз ооздорунан угуп, өз колуңуз менен жазып алып, баардыгына бирдей өзгөчө көзөмөлдөө менен иш алып барып жатканыңызга кубанычтабыз. Биздин да сизге даттанаар арызыбыз же аргасыз катыбыздын мазмуну мына ошол укук коргоо органдарынын катаал өкүмзордугу жөнүндө болгону турат.

Урматтуу Президент, сиздин аялуу убактыңызды албай, адамдардын тагдырын калчаган биздеги башаламан иш жагдайын өтө кыска түшүндүрүү менен өзүңүздөн гана акыйкат жардам күтөбүз.

Балыкчы шаарындагы мен жетектеген “Автовнештранс” жабык акционердик коому өткөн Союз жылдарындагы Кыргыз ССРнин Минавтошоссдор ишканасынын Рыбачье “Автовнештранс” бөлүмүнүн негизинде түзүлгөн. Кезинде ыргактуу иштеп турган авто база да өлкө боюнча жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жана рынок экономикасына өтүүнүн татаал жолун басып өттү. Ошондой болсо да биз ишкананын өзөгүн түзгөн имараттарды, мүлктөрдү жана көмөкчү чарбасын кайсы бир деңгээлде сактап кала алдык.

Бүгүнкү күндө Тоң райондук прокуратурасы тарабынан доо коюлуп талашка түшүп жаткан же тагыраагы аталган базанын алдында 1984-жылы түзүлгөн көмөкчү чарбага, 2001-жылдан «Көк-Улак» дыйкан чарбасы болуп уюштурулган, тийешелүү 10 гектар жер аянты ачык айтканда ичитардык менен көралбастыктын жана даяр оокатка көз арткан рейдерчилик басып алуу аракетинин обьекти – фактысына айланып олтурат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, “мыйзам” деген ыйык түшүнүктү бетке кармап, мына ошол мыйзамды коргой турган тиешелүү мамлекеттик кызматкерлердин айрымдарынын өздөрү кайра кайсы бир бекер оокатка көз арткандардын таламын талашып, адамдардын көп жылдык мээнетин жокко чыгарып, ар кандай будамайчылыкка барып жатканы айланы кетирип, акыркы үмүтүбүздүн гаранты катары Сизге кайрылууга мажбурлап жатат. Болбосо ошол айыл өкмөтүнун жалпы жайыт аянтынын курамына кирип, картасына чийилип калган бармак басымдай 10 гектар аянт кезинде каңгыраган ээн, эч ким назар салбаган чөлдүү аймактын бир кичинекей бөлүгү болчу. Ооба көмөкчү чарба уюшулгандан кийин бул жерге скважинадан суу чыгарылып, жашыл массивге айландырылган. Жалпы коргондун азыр да ар тарабы какыраган талаа бойдон жатат. Бүгүнкү күндө “Көкбөрү” абалдагы аталган көмөкчү чарбанын базасынын 8,6 га аянтында 1400дөй түп абрикос – өрүк дарактары мөмө берет, эки скважина суу кудугу, административдик имарат, турак үй, үч склад – сактоочу жай жана тоок фермасы иштеп жатат. Ошондой эле мындан башка да мал чарбасын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жаңы долбоордун негизинде жаңы типтеги мал сарай, эки турак үйдүн курулушу жүргүзүлүүдө.

Урматтуу Президент, мына ушундай көп жылдык түйшүктүү иш аракеттердин жыйынтыгы менен ишке ашырылган жана да ашырыла турган өндүрүштүк чарбага, ал аркылуу оңдогон адамдардын жашоо тагдырына – Тоң райондук прокуратурасынан башталган мыйзамды “буйлаланган төөгө” айландыргысы келген, өз кабинетинен, креслосунан ары чыкпай каалагандай чечим чыгарган мамлекеттик укук коргоо чиновниктеринин өкүмзордугунун айынан оңбогондой соккуу урулганы турат.

Урматтуу президент, биздин акыркы үмүтүбүздү угуп, жардам берериңизге бекем ишенебиз жана керек кезде баардык мыйзамдуу документтерибизди толук көрсөтүп, укугубузду коргоого даяр экенибизди билдиребиз.

Алтымыш Эсенбаев, “Автовнештранс” жабык акционердик коомунун генералдык директору

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: