Menu

Сокурдун сезими

Бөлүшүү:

Жараткандын каалоосу менен жашайбыз, өзүбүз каалагандай жашай албайбыз. Ар ким өзү каалаганындай жашаса, анда напсинин кулуна айланып кетебиз. Чолок болуп төрөлдүңбү же кырсыктап бир бутуң жок чолок болуп калдыңбы, аны эч кимибиз бутун оңдоп бере албайбыз. Ал Жараткандын каа­лоосу болду, бутунан айрылган киши өмүр бою бир буту жок өтөт, адам түгүл бу дүйнөдө жашаган кандай гана жан-жаныбарлар болсун Алланын каалоосу менен жашайт. Жараткан өң, түс бердиби, биз аны өзгөртө албайбыз. Адам баласы төрөлө электе эле тагдырыбызды Жараткан беш жүз жыл мурун эле жазып коёт экен, болду ошол тагдырдан биз эч жакка качып кете албайбыз. Ошондуктан Жаратканга тобо, шүгүр кылып жашашыбыз керек.

Биздин айылыбызда Усман де­ген молдо боло турган эле. Анын эбакта эле көзү өтүп кеткен, эки көзү көрбөгөн сокур болчу. Ал тээ беш-алты жашар бала кезде кыр­сыктап, ошондон сокур болуптур. Эми бул да болсо Кудайдын буйругу дечи. Мен бала кезде аны көп ээрчитип калдым. Ал айылдын чоң молдосу болгондуктан, жамандык-жакшылыктарда аны сөзсүз чакыртып, алдырып келишчү. Үйлөнүп жаткан жаштарга нике кыйдырышчу, жаңы төрөлгөндөргө асан чакыртып ат койдурушчу, ооруп калгандарга дем салдырышчу.

Эсимде, анда мен бешинчи класста окуган бала кезим бол­чу. Үйгө таежем менен тажездемдер келишкен. Күтүлбөгөн жерден эле алардын үч жашар кызы ооруп жыгылып, көзү аңтарыла оозунан ак көбүк чыгып жатып калды. Үйдө отургандардын бардыгы мындай күтүлбөгөндүккө ызы-чуу түшө, шаштылары кетип калышты. Өлүп калат го деп, атүгүл менин дагы жүрөгүм түшүп калды.

Ошондо биринчи кезекте эле Ус­ман молдону эстешти.

-Жүгүр, Усман молдону чакырып кел эртерээк! – деп апам мени жумшады ошол жакка. Анын үйү эки көчө ары жакта болчу. Мен болгон күчүм менен тызылдап чуркап жөнөдүм, жолдо ыйламсырап да кетип баратам. Анткени мен аны жакшы көрчүмүн, дайыма ойнотчумун. Кудай жалгап, молдо үйүндө экен, мен болгон окуяны айтып бердим. Ал дароо эле чапанын кийип, мени жетелетип алып сыртка жөнөдү. Экөөбүз кез-кез сүйлөшүп кетип бараттык. Анын тим эле көзү бардай басып баратканына таң калдым. Ар кан­дай тоскоолдуктардан өзү эле ай­ланып өтүп кетет, чуңкурлардан мен айт электе эле аттап өтөт.

Сыягы, өзүнүн көчөсүн дайыма өтүп жатып беш колундай билип калса керек.

-Урманбеттин үйүнө жеттикпи?

-Ооба.

Көчөдө кетип бараткан кишилер болсо үнүнөн таанып учураша кетет. Ары жакта үрүп жаткан итти карап башын чайкап койду.

-Баягы эле Дүйшөнкулдун итиби, дегеле жаагы басылбайт.

Жолдо трактор өтүп кетти. Анын үнүнөн айырмалап таанып койду.

-Курманбектин трактору экен, артында жүгү бар турбайбы, сыя­гы чөп тартып бараткан го дейм.

-Ооба.

Дал эле бет маңдайыбыздан Олжобай деген жаңы эле армиядан келген жигит чыгып, биз ме­нен учурашып калды кол алышып. Сол колунда тамекиси бар болчу.

– Олжобай алдагы колуңдагы тамекини ыргыт.

Олжобай таң кала тамекисин ыргытпай артына жашырды.

-Мен сага эмне дедим, алдагы тамекиңди ыргыт деп жатпаймынбы.

Олжобай ары көздөй ыргытып жиберди.

-Мен сага эскертип коёюн, уулум, экинчи аны оозго алба, анын зыянынан башка пайдасы жок.

Сокур кишинин көрүп жаткандай сүйлөп жатканына таң кала, башын чайкай ары көздөй басып кетти.

Көп өтпөй Абылдабек атчан анын жанынан өтүп баратты эле, Усман токтой калып ага кайрылды.

-Абдылдабексиңби, эмне учурашпайсың, улуу кишилерге салам берип өтүш керек.

Тигил өзүн күнөөлүүдөй сезип, басып келип кол алыша учурашты.

-Атыңды мынча эмне тердеткенсиң, ары-бери аябай чапкылагансың го?

-Ооба, шашылыш жумуштар ме­нен бир жакка барып келдим.

Суу аккан колонканын жанынан өтүп баратканда, токтой калып мага кайрылды.

-Колонканын суусу агып калыптыр, токтотуп жаап кой.

Мен жүгүрүп барып жаап кел­дим. Андан ары кетип баратып колонканын люгу ачылып калыптыр, мен эскертип айта электе эле өзү айланып өтүп кетти.

-Мунун капкагы эмдигиче жабыла элек экен, балдар түшүп кетсе эмне болот, жаап коюшпайбы.

Ал асманды бир карап алып.

– Убакыт бешинге аз калыптыр, жарым сааттан кийин намаз башталат, ошого үлгүрүп калуубуз ке­рек. Жолдо мен аны жетелебей эле, ал мени жетелеп бараткансыды. Калканбайдын үйүнүн тушуна жеткенде, өзү эле оң жакка бурулуп кетти. “Бул эмне көрөбү?” деп өзүм таң калып койдум.

-Бол, ылдам баспайсыңбы, уулум.

Жол боюнда турган чоң таштын жанынан өтүп баратып токтой калды да, аны көтөрүп барып жолдун жээгине таштап койду.

-Бул таш ары-бери өткөн тракторлорго тоскоол болот, муну алып коюу эч кимисинин да оюна келбейт. Ал өзүнчө сүйлөнө жолдо ары-бери өткөндөр менен учура­шып кетип баратты. Тобо, учурашкан ар бир кишини үнүнөн таанып жатты. Айылдыктардын бардыгын үнүнөн ажыратат окшойт деп ойлоп калдым. Бирин дагы адаштырбай атынан атап атты. “Ой, бул көзү сокур эмес эле көрөт го” деп өзүмө-өзүм ишенбей жүзүнө, көзүнө үңүлдүм. Эки көзү аппак, каректери анча билинбейт.

-Эмне мени карап жатасың, уулум, мына, азыр жетип калдык. Беш мүнөттөн кийин үйүңөрдө бо­луп калабыз, – ал айткандай эле беш мүнөттөн кийин үйүбүзгө же­тип келдик. Бизди чыдамсыздык менен күтүп атышыптыр. Ал кирип келип эле секелек кызга дуба окуй баштады. Кыз кадимкидей калыбына келип көзүн ачты. Бардыгыбыздын жүзүбүздө кубаныч пайда болду. Шашпай ордунан турду да, кетүүгө кам урду. Акча берсе да албай койду, чай да ичкен жок, болгону нан ооз тийди да чыгып кетти. Кайрадан жетелешип жолго чыктык. Мен аны жетелебей эле анын жетегинде мен кетип бараткансыдым. Сокурдун туюу сезими ушунчалык күчтүү болооруна өзүм дагы таң калып кетип бараттым.

Булак: Шамбала гезити 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: