Menu

Алмазбек Атамбаев: “Баланы мыкты азамат кылыш да, же жатып ичер жалкоо, маӊкурт кылыш да эне-атанын колунда”

Бөлүшүү:

Энелер күнүнүн алдында президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-майда болуп өткөн салтанаттуу аземде көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордендери менен сыйлады жана сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Быйыл Президенттин Жарлыгы менен жети жана андан көп баланы багып тарбиялаган 1902 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы өстүрүп жаткан 437 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

Урматтуу энелер!

Сиздерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтамын жана мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен куттуктайм! Дүйнөдө энеден ыйык эч нерсе жок. Жараткан эненин жүрөгүн да башкача жаратса керек. Эненин мээрими болгон үчүн  бүткүл адамзат сакталып келатат. Жарык дүйнөгө жаралган наристенин тили да “апа” деп ачылат. “Жер байлыгынан эл байлыгы артык” деген кыргыздын асыл сөзү бар. Чынында өлкөбүздүн башкы байлыгы – бул элибиз. Эркин, билимдүү, намыскөй элибиз. Азыр дүйнөдөгү алдыӊкы өлкөлөр жер байлыгынан көрө акыл байлыгына таяна баштады. Анткени, жер байлыгы түгөнөт, ал эми акыл байлыгына чек жок.

Урматтуу мекендештер!

Бала жаӊы отургузган көчөткө окшош. Эгер аны жакшылап тигип, жакшылап баксак, тынбай сугарып, бутактап турсак, зыӊгыраган чынар болуп өсүп чыгат. Балдарыбыз – келечектин көчөттөрү! “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, баланы мыкты азамат кылыш да, же жатып ичер жалкоо, маӊкурт кылыш да эне-атанын колунда.

Буга байланыштуу дүйнөдөгү атактуу ойлоп чыгаруучулардын бири Томас Эдисондун окуясын мисал келтирейин. Аны, балким, көбүӊүздөр окугансыздар. Убагында Эдисонду окуткан мугалимдер балаӊыздын акылы кем, аны окута албайбыз, ошондуктан өзүӊүз үйдө окутуӊуз деп апасына кат жазып, аны энеге баласынан берип жиберишкен.

Ошондо апасы катты ичинен окуп, көзүнөн чыккан жашты катып, баласына мугалимдин сөздөрүн “сиздин уулуӊуз гений, аны окута турган мектепте мугалим жок, өзүӊүз окутуӊуз” деп үнүн чыгарып атайы бурмалап окуп берген экен. Кийин атагы бүт дүнүйөгө дүңгүрөгөн кезде Томас Эдисон үйүнөн капысынан ал катты таап алып, окуп алып, көпкө чейин ыйлаган экен. Анан күндөлүгүнө: “Томас Алва Эдисон акылы кем бала болгон. Бирок баатыр апасынын күчү менен ал өз кылымынын улуу генийлеринин бири болуп калды” деп жазган экен.

Бул окуя ар бир үй-бүлө үчүн сабак, нуска болуп калышын каалайт элем. Биз балдарыбызга “киши болбой калдыӊ, эчтекеге жарабайсыӊ” деп мамиле кылбастан, Томас Эдисондун апасындай “сен кыйынсың, колуңан бардык нерсе келет” деп өстүрүшүбүз керек. Ошондо гана жалкоо, билимсиз, колунан эчтеке келбеген жаштар болбойт. Адепсиз, ыймансыз балдар-кыздар болбойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: