Menu

Атактуу балбан Абакир Рысовдун 70 жашка чыгышы Грецияда белгиленет

Бөлүшүү:

Белгилүү балбан, спорттун беш түрү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, чеберлер арасында дүйнө чемпиону, профессор Абакир Рысов баштаган чакан делегация 20-октябрда таңында олимпиаданын мекени болгон Грецияга аттанып жатышат. Себеби, Грециянын Салоники шаарында 20-22-октябрда  чеберлер арасында самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Мында Кыргызстандын намысын 40-45 жаштагы чеберлер арасында  74 кг. салмакта 2016-жылдын дүйнө чемпиону, милициянын полковниги Талас Бегалиев, 50-55 жаштагы чеберлерден 74 кг. салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мурат Баймолдинов жана 65 жаштан жогорку курактагылардан 100 кг салмакта дүйнө чемпиону Абакир Рысов коргойт. Чеберлердин дүйнөлүк таймаштарына калыстык кылуу үчүн эл аралык калыс, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ларионов да баратат.

Дагы бир кубанычтуу жагдай. Дүйнө чемпионаты учурунда Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, чеберлер арасында дүйнө чемпиону, профессор Абакир Рысовдун 70 жашка чыккан мааракеси да Грецияда салтанаттуу белгиленип, дүйнөлүк спорт коомчулугу аны юбилейи менен куттуктаганы турушат

Абакир Рысов самбо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагер чеберлер арасындагы дүйнө чемпионаттарына 18 ирет катышып, 13 жолу байгелүү орундарды ээлеп, самбо күрөшү боюнча эки жолу дүйнө чемпиону болгон. Ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп,жеңиштин туусун эчен ирет желбиреткен.

Чынында Абакир Рысов-көп кырдуу инсан, мыкты педагог,  далай чемпиондорду тарбиялаган чыгаан машыктыруучу, дары чөптөрдүн сырын билген элдик дарыгер. Чейрек кылымдан ашуун убакыт Кыргыз Мамлекеттик архитертура, курулуш жана транспорт университетинин Дене тарбия жана спорт кафедрасын жетектеп, бир нече илимий эмгек жазып, коомдук иштерге да активдүү аралашкан.

Абакир Рысов бир нече жолу жаракат алып, төрт жолу операция болгонуна карабай 70 жашта болсо дагы дале күрөшүп, дале табында.

2008-жылкы Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канат Бегалиевдин чоң спортко келишине себепкер болгон бир тууган агасы, милициянын полковниги Талас Бегалиев да мыкты балбан экенин далилдеп, былтыр 2016-жылы Хорватиянын Пореч шаарында өткөн  самбо  боюнча чеберлер арасында дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды тааныткан. Ал өлкөбүздүн көк-бөрү боюнча тандалма командасынын демөөрчүсү да болуп эсептелет.

Абакир аксакал баштаган чеберлерге ийгилик гана каалайбыз.

Автор: Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: