Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подьездинде турган баасы 10 000 миң сомдук велосипедин уурдап кетишкен белгисиз жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында ИИМдинбасма сөз кызматы билдирет.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалган.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушуга окшош башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ