Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 14, Ош облусунан – 6, Ош шаарынан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1, Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 13, Соль-Илецк шаарынан келгендердин ичинен – 43 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1216га жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 154 адам;
– Ош облусунда — 189 адам;
– Ош шаарында — 124 адам;
– Бишкек шаарында— 310 адам;
– Нарын облусунда — 183 адам;
– Чүй облусунда — 104 адам,
– Баткен облусунда — 25 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 13 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 101 адам,
– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 13 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ