Menu

Видео – Депутат өкмөттүн мүчөлөрүнө: “Жер таратып, бюджетти толтура албайсыңар”

Бөлүшүү:

“Жер берүү менен акча чогултуп, бюджетти тотура албайсыңар” – деди депутат Максат Сабиров, бүгүн, 20-февралда ЖКнын кезектеги жыйынында.

“Мына вице-премьер-министрлер алмашып келди. Бирок, өкмөт позицияңарды өзгөртпөсөңөр болбойт. Себеби, “Кумтөр” алтын кенине 16 миң гектар жер берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, 100 миллион алууну көздөп жокко чыккан токтомду иштеттиңер. Ат-Башыдагы логистикалык борборду куруу келишими жокко чыгып, “43  миллион сомду кайтаргыла” деп жатат”- деди депутат өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылды.

Депутат өкмөт жеке ишкерлер менен иштешип, биргеликте ишкана ачса жакшы болмоктугун белгиледи.

“Жер таратып, бюджетти толтурабыз деген позицияңарды токтотсоңор. Анткени, “Кумтөр” биздин бир дагы сөзүбүздү укпай жатат. Үч адам каза болду. Ошон үчүн бул маселени көтөрүп жатам” – деди депутат.

Максат Сабиров өкмөт позициясын өзгөртпөсө, эл кайрадан митингге чыра берерин айтты.

“Маселени чечиш үчүн сөзсүз эле “Кумтөрдө” иштегендер Нарындын элиндей болуп чыгыш керекпи? Ага чейин жеткирбей, маселелерди чечиш керек” – деп кошумчалады эл өкүлү.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: