Menu

Кыргызстан деле нефтинин мекени болот

Бөлүшүү:

Республикалык бюджетке ири киреше алып келген саналуу ишканалардын бири дал ушул «Кыргызнефтегаз» ишканасы. Бюджетке ири киреше алып келген ишканада биринчи орунга өндүрүш чыкканда ийгилик көп күттүрбөстөн келээрин 2018-жылдын жыйынтыктары бышыктады.

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2018-жьшы 100 миң тонна мунай өндүрөбүз деп пландаса, жылдын соңунда иш жүзүндө 126 миң тонна мунай өндүрүүгө жетишти. Бул планга салыштырмалуу 126 пайызга жумуш аткарылды дегенди билдирет. Бул жетишкендик геологиялык-техникалык иштерди, тактап айтканда бургулоо иштерин, жаңы скважиналарды ишке киргизүү, скважиналарда капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү, скважиналарда ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруунун негизинде ишке ашкан. Акыркы 10 жылдыкта «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому жыл сайын 70 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүп келген. Кээ бир жылдары план аткарылбай, артка кеткен учурлар да болгон.

Жылдын жыйынтыгы менен «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 933 миллион 444 миң сом баланстык киреше тапканга жетишкен. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коом болуп түзүлгөндөн бери баланстык киреше 933 миллион 444 миң сомго чыккан эмес. Бул көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бүгүнкү күндө ишканада бардык көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалып, казып алуу, өндүрүү, кайра иштетүү көрсөткүчтөрү өсүүдө. Мындан сырткары жетекчилик чыгымдарды оптимизациялоого жетишип, ал дагы ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизип жатат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: