Menu

Илмияновго кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру, кийин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап, 6-жыл аралыгында далай мен деген саясатчыларды кол куушуртуп, көзүнүн агы менен тең айланткан Икрам Илмияновго кылмыш иши козголгону маалым болду. Айрым маалымат булактары Башкы прокуратура Илмиянов кайсы бир бизнесменден опузалап 150 миң доллар пара алган иш боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга тергөөгө жөнөткөнүн жазышты. Икрам учурда Кыргызстана жок. Татарстандын борбору Казань шаарында жүрөт. Демек, жакында кайтып келиши күмөн. Ошентсе да чалма ыргытылды. Эми бул сыйыртмактан кутулуп кетеби же «Жээнбековдун президент болушуна менин салымым чоң» – деп мактанып жүргөнү башына муш болобу, табышмак…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: