Ар ким өзүн ар кандай макташы мүмкүн, бирок кыргыздардын ичинен эки гана кишинин ысымы жылдызга ыйгарылганын эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Анын бир айтылуу Алтай Бөрүбаев. Биз өткөн айларда академиктин бир тууган иниси Абай Бөрүбаев менен айтылуу Талгат Нигматулиндин өлүмүнө байланышкан кызыктуу маегин сандан санга бергенбиз. Алтай Асылканович кичине сыркоолоп калганына байланыштуу ал маек аягына чыкпай калган. Кечээ саламаттыгы калыбына келип, демдүү-күчтүү иштей баштаганын угуп сүйүндүк. Эми кийинки сандардан окуяны жыйынтыктайбыз. Алтай Асылканович, оорубаңыз, сизге ден соолук тилейбиз!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ