Menu

Нур-Султан кишинин иммундук макамы жөнүндө маалыматтарды камтыган QR-коддорду киргизүүнү караштырууда

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 25-январь күнү өкмөттүн жалпы жыйынында 1-февралга карата калкты жапырт түрдө эмдөөгө даярдык көрүүнү тапшырды.

Өкмөт “Атамекен” улуттук палатасы менен бирге бир ай ичинде кишинин иммундук макамы жөнүндө маалыматты камтыган QR-коддорду киргизүү маселесин иштеп чыгышы керек.

Казакстанда коронавируска каршы жапырт вакцинация 1-февралда башталат. Алгач Орусиянын “Спутник-V” вакцинасы менен медицина кызматкерлери, андан соң мугалимдер жана өнөкөт оорулары бар адамдар эмделет.

Министрликтин маалыматына караганда, 18 жашка чейинки балдарга жана 65 жаштан өткөндөргө вакцина азырынча сайылбайт.

Бул арада Казакстанда жасалган вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө аны президент Касым-Жомарт Токаев сайдырарын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ушул тапта казакстандык “QazCovid” вакцинасы сыноонун үчүн баскычынан өткөрүлүп жатат. Аны 19-декабрдан бери үч миңдей ыктырячыга сайышкан.

Казакстанда 170 миңден ашык адамга коронавирус жуккан. Анын кесепетинен 2,4 миңдей адам каза болду. Казак бийлиги вирус аныкталбай, бирок өпкө кагынынан каза болгондорду өзүнчө эсептеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: