“Россия-1” каналындагы “Прямой эфир” телеберүүсүнүн алып баруучусу А.Малахов Орусиядагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолукту. Бул тууралуу Орусиядагы дипөкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушуу учурунда жылуу маанай болуп, эки тараптуу кызматташуу каралды. Анда КР ММКлары менен Бүткүл орусиялык телерадиокомпаниясы (БОТРК) ортосунда тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды. А.Малахов кыргыз журналисттерине кантип атактуу ток-шоу даярдоо керектигин үйрөтүүгө даяр экенин билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ