Адамдын эмгегин баалап, ар майрам сайын көңүл жылыткан куттуктоо арноо жагынан Кудайберген Базарбаевден үлгү алсак жарашат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Сооронбай Жээнбеков президент болору менен Акүй аппараты экс-министр Базарбаевге буга чейин маданият министринин орун басары болгонун эске алышып, эми министрликтин өзүн ыроолошсо (Султан Жумагуловго чейин) каарманыбыз сыпайы баш тартканы маалым болду. Кудайберген мырзанын кызматка ашыкча жулкунуп-жулкунбаганын баалаган учурдагы бийлик экс-министрдин бийик тажрыйбасы менен билими өлкөбүз үчүн ар убакта керектигин айтып, келечекте сөзсүз күчүн пайдаланышары каңкууланды. Ал эми каарманыбыз ушул күндөрү агасы Чолпонбек Базарбаевге байланышкан маданий иш-чараларга белсемдүү катышып, келечек муундар үчүн үлгү болчу иштерге баш койгону кубандырууда.
Эрмек АКЫЛБЕКОВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ