2018-жылдын 4-март күнү саат 14:40 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Мам. №Z9574AD Тayota Ist үлгүсүндөгү жеңил унаа менен мам.№070AAR Scania оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Тayota Ist унаанын ичинде 4 адам (2 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон.
Баардыгы каза болушкан. Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы. Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ