Menu

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Фарид кызматтан кетсе эч нерсе деле өзгөрбөйт, жаз да келди, гүлдөр ачылат»

Бөлүшүү:

– Фарид Ниязовдун өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазуусуна эмне себеп болушу мүмкүн?

— Эмне десек деле Сооронбай Шарипович абройлуу саясатчы, өзүнүн көз карашы бар. Акыркы учурларда Фарид өзүм билемдикке салган болушу мүмкүн. Жумуш мезгилинде Москвага барып, партиялык документтерге кол койгону бул мыйзамга туура келбейт. Коомчулукта болуп жаткан абалды президентке толук, калыстык менен жеткирбеши мүмкүн. Же кандайдыр бир саясий оюндарга аралашкан. Байкасаңар, ушул күндөрү “кnews” сайтында Сооронбай Шариповичке шек келтире турган чоң макала жарыяланды. Ошол жерде мурунку президент менен азыркы президенттин тиреши жөнүндө жазылып кеткен саясий оюндар бар болчу. Балким ал нерсеге ушул Фариддин тиешеси бардыр, мен билбейм. Бирок ал жөнөкөй аппараттын жетекчиси. Аппарат деген бул администрация, Конституциялык орган эмес. Президенттин ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган орган. Ошондуктан ал кай жакка барат, ким менен жолугат, качан жолугат, эмне сүйлөйт дегендердин баарын даярдап берип, саясатка аралашпаш керек. Чарбалык жумушка киришпеши зарыл. Сооронбай Шарипович жыйырма эки жылдан бери саясатта деп жатпайбы, ичинде сырлары бар да. Фарид кызматтан кетсе эч нерсе деле өзгөрбөйт, жаз да келди, гүлдөр ачылат. Жаратылыш өз өкүмүн жүргүзө берет. Фарид саясатта барбы-жокпу айрымасы болбойт. Кыргыз элинин жашоосу улана берет. Ал эми саясатка Фарид кызматта отурабы, отурбайбы эч кандай тиешеси жок. Ал саясаттан алыстаса балким кээ бир жаман иштер токтоп калышы мүмкүн. Фариддин ишмердүүлүгүн карасак, ал комсомолдо жетекчи болуп иштеген. Бирок эгемендүүлүк жылдардан бери бир да жерде иштеген эмес. Же бир саясий ишмер же депутат болбогон. Анын тажрыйбасы жок. Балким башка сапаттары бардыр. Мен аны башка жагынан билем, 2010-жылы мени камакка олтургузганда, телевидениеге Фариддин колу менен менин сүйлөшүүлөрүмдү тыңшаган материалды алып барып берген. Мен аны билем, мага Атамбаев айтып берген. Демек ушундай жаман иштерге уста.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: