Menu

“Ажырашууларга” аксакалдар бөгөт болобу?

Бөлүшүү:

Шайлоо деген кызык эле. Саясатта өнөктөштөр улам бири «жаңы табылгалар» менен көшөгөсүн көгөртүп, укмуш эле болуп жатышат.

Ал, ал болсун. Бирок, карапайым калк, өзгөчө элет жери эки жаатташа, атургай ант ичише бөлүнүүчүлүккө барып жатканы кейитет. Маселен, айрымдар “бул биздин чөлкөмдүн баласы, аны шайлабасаңар кусур урат, каргыш айтабыз”,-деген деңгээлге барышууда. Арийне, мындай пастык менен биз кайсы бийиктикти багындыргыбыз келип жатат? Же жан жөкөрлөрүнүн караңгылыгынан кара ниеттик менен пайдаланган талапкер эмнеге жетет? Шайлоо да бүтөт. Жаңы ажолуу да болобуз, бирок эртең эл болуудан калып кетүү деген коркунучту аралатуунун не зарылчылыгы бар эле. Же бир жолку шайлоо менен “талак” беришкен эрди-катынча элдер эки жааташа ажырым жолго түшсө андан мамлекет эмне утат? Ушундай кырдаалда аксакалдарыбыз акыйкат сөзүн айтып чыгышса эмне? Же биздин карылар сыйлык алып, устукан тартылаарда эле эл алдына чыгып калышканбы?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: