Ушинтип 4-декабрда парламент жыйынында депутат Руслан Казакбаев Миграция мамкызматынын статс-катчысы Алмаз Асановдон сурады.
А.Асанов азыр жумушчу топ мунун үстүндө иштеп жатканын, декабрда бүтүшөрүн айтты.
“Демек, январда парламентке алып келет экенсиңер да?”, – деди депутат.
“Ооба”. – деди статс-катчы.
“Документ өкмөттүн токтому менен же президенттин буйругу менен келеби?” -деп Р.Казакбаев сурады.
“Өкмөттүн токтому менен”, – деди Асанов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ