Menu

Казакстанда жакыр адамдардын саны көбөйдү

Бөлүшүү:

Пандемия маалында Казакстанда кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 5,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарын иликтеген Finprom порталы кабарлады.

2019-жылы жашоо деңгээлинен төмөн киреше тапкан адамдардын үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Бул 2011-жылдан берки эң начар көрсөткүч.

Маалыматка караганда, кедейлердин саны жагынан Түркстан (12,8%), Түндүк Казакстан облусу (7,4%), Жамбыл облусу (6,9%) алдыда турат. Нур-Султан (1,4%), Караганды (2,4%), Атырау (3,1%) облустарында абал салыштырмалуу дурусураак.

Републикалык маанидеги Алматы менен Чымкент шаарларында абал былтыркыга салыштырмалуу начарлап кеткен. Алматыда жакырлык деңгээли 6,2% (2019-жылы экинчи чейректе 2,6 % болгон), Чымкентте 6,4% (былтыр экинчи чейректе 3,1% болгон) түздү.

Иликтөөчүлөр Казакстанда экономикалык активдүүлүк төмөндөп, коронавирустун кесепеттеринен улам жакырчылык даана сезиле баштаганын айтышууда. Натыйжада өлкөдө кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 1,1 миллионду түздү.

Июль айында Дүйнөлүк банк пандемиянын кесепетинен Казакстанда дагы 800 миң киши кедейлердин катарына кошула турганын божомолдогон. 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 8,3 пайыздан 12,7 пайызга көбөйүшү ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: