«Аксактын айды тепкиси келет» деген сөз сыңары, алы жетпеген ишке асыла бермейди адатка айланткан Бакыт Төрөбаев деген «өнүккүсү» келген мурунку «ак жолчу» депутат бар. Анча-мынча мактоо сөздөргө ашыкча «семирип» кетмей адаты бар. «Семирип» эле тим болбой, «секирик» да жасап ийгиси келе берет. Бирок дайыма оңкобаш атып, аңга кулайт. Анан «бозала чаң» болуп эле жатат, күлгө чапкан эмечесинен… Мына ушул Төрөбаев Атамбаев бийлигине, башкача айтканда КСДП партиясына ар дайым кыр көргөзуп, атаандашкысы келип, кандай маселе болбосун каршы пикирин билдирип келет. Туура, каршы пикир болушу керек. Бирок ал кандайдыр бир жүйөлөргө негизделиши шарт. Курулай эле популизмди артынып алып, караманча каршы чыга берүү эч качан оң натыйжа бербейт. Маселен, Жогорку Кеңештеги укук комитетине КСДП партиясы бир талапкер алып чыкса, Төрөбаев ага атаандаш кылып досу Тынчтык Шайназаровду алып чыкты, Бишкек шаарынын мэрлигине КСДП партиясы Албек Ибраимовду көргөзсө, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы башка бир талапкерди алып чыкты. Айтор алына жараша иш кылбай, койчунун таягына сүйкөнгөн Төрөбаев Атамбаевдин каарына калбаса болду. Анан «ыйлап» олтурат эмеспи…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ