Menu

ЕБ Кеңеши Украина жарандарына визасыз режим киргизүүнү жактырды

Бөлүшүү:

ЕБ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрүнүн комитети ЕБ Кеңешинин атынан 17-ноябрда Украина үчүн визасыз режимди либералдаштыруу боюнча макулдашканын жарыялады. Бул тууралуу Брюсселдеги коммюнике кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

“Мен биздин чечимди билдирип жатканыма бактылуумун жана бул 24-ноябрда өтө турган Украина-ЕБ саммитинин алдындагы жагымдуу жаңылык”,– деди учурда Евробиримдикти башкарып жаткан Словакиянын ЕБдеги өкүлү Петер Яворчик.

Билдирүүдө айтылгандай, ЕБ өлкөлөрүнүн жарандары Украина аймагына визасыз кире алышат. Ошондой эле Украина жарандары үчүн дагы 180 күн ичинде ЕБ өлкөлөрүндө 90 күн визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Эгер ушундай эле чечим Европарламент тарабынан кабыл алса, визасыз режим толугу менен колдоо табат.

ЕБ менен Украина ортосунда визасыз режимди киргизүү президент Петр Порошенконун шайлоо алдындагы негизги демилгелеринен болчу. Ал алгач келишим 2015-жылдын соңунда, кийин 2016-жылы кабыл алынат деп сөз берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: