Menu

Маңзат ташууга Сүйүн Өмүрзаковдун катышы жок

Бөлүшүү:

ИИМ министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун маңзат ташууга тиешеси бар деген маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков тууралуу «telegra.ph» сайтында жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылат. Акыркы убакта аты-жөнү жашырылган авторлор «милиция кызматкерлеринин аброюна көө жапкан кабарларды көп таратып жатканы» белгиленип, макала Өмүрзаковдун беделине көлөкө түшүрүү аракети катары бааланган.

Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын жараны, “күйөө бала” деген каймана аттуу Яха Нуралиев менен наркотрафик уюштурганы Адилет Карабеков деген автордун ысымы менен аталган сайтта 14-февралда жарыяланган. Анда Жалал-Абад облусттук милициясынын мурдагы башчысы Жеңиш Жоробеков, Токмок милициясынын мурдагы башчысы Максат Чойбеков, Бишкектин 11-милиция бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Талант Аттокуров маңзаттарын коштоп чек арадан өткөрүү менен алектенээри, бул үчилтикти министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жетектей турганы жазылган. Ошондой эле Тажикстандан алып келинген маңзаттар Кыргызстанда кайра иштелип, андан кийин Казакстан аркылуу Орусияга өтөөрү белгиленген. Министрдин орун басарынын иниси Улукбек Өмүрзаков кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев менен дос экени, ага таандык «Мухаммед – Умар» клубунун спортчулары Ошто каалаганын кылаары, жергиликтүү жашоочулар акыйкаттыкка ишенбегендиктен алардын үстүнөн арызданбай турганы да кошумчаланган. Автор президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, коррупцияга каршы күрөштү Сүйүн Өмүрзаковдон баштоону өтүнгөн.

Буга чейин бул сайтта министр­дин дагы бир орун басары Данияр Абдыкаровдун «Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелерге катышы бар» деген маалы­мат жарыяланып, мекеме аны да төгүндөгөн. Өткөн жумада ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын полковниктери сегиз килограмм нашаа менен кармалган. Алар мекеменин Нарын жана Ысык-Көл облусттук бөлүм башчысынын орун басары жана бул кызматта мурда иштеп кеткен, милициянын отставкадагы полковниги экени белгилүү болгон. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мый­замсыз өндүрүү же берүү») менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалган.

«Азаттык»

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: