ЖМКлар айтылуу болгариялык көзү ачык Ванганын үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айткандарын жарыялады. «Piterburger.ru» порталынын жазганына караганда, Ванганын айткандары Сириядагы согушка тиешелүү. Көзү ачыктын божомолу боюнча, бул согушта каршылашкан тараптар химиялык куралдарды колдонуп, террористтик актылар болуп, бир гана тарап жеңишке жетишет. Анын натыйжасында, Европа жылан сыйпагандай жок болуп, АКШ мамлекет катары жер шарынын картасынан жоголот. Россия бул согушта тынчтык орнотуучунун ролун аткарып, адамзаттын аман калуусуна көмөктөшөт.
Көзү ачыктын айтымында, бул согуштан кийин эле Апокалипсис башталат. Акыр замандын жышааны экологиянын бузулушу менен 2018-жылы эле сезиле баштайт. Кыямат кульминациялык чегине 5079-жьшы, жердеги жарылуудан, же жердин башка бир планета менен кагылышуусунан кийин жетет.
(Интернет булактардан)
Булак: “Азия ньюс“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ