Menu

КСДПчы депутат Азамат Арапбаевдин кеңсесине ууру кирип, 2,3 млн сом, 70 миң долларын уурдап кетишти

Бөлүшүү:

Биздин Кыргыз парламентиндне, КСДП фракциясында Азамат Арапбаев деген депутат бар. Мындан бир эле жыл мурун Атамбаевге сын айткандарга төшүн тосуп, парламент трибунасынан «журналисттер Алмазбек Атамбаевге шек келтирип жатат… алар керек болсо жоопко тартылсын» деген тири шумдук сөздөрдү айтып дүпүлдөгөн. Ага чейинки чакырылышта «Ата-Журт» партиясы аркылуу депутат болуп келгенде эмне үчүн Атамбаевди коргоп чыккан жок десең? Сүйлөйт десе эле сөз ошолордуку бекен. Бул Арапаев убагында К. Бакиевдин «Ак жол» партиясынынын анык мүчөсү болуп отурганда Курманбек Салиевичти да шумдуктай коргоп, ал учурдагы оппозиционер Атамбаевге ушак эле эмес, «жугундуларды» болушунча куюп келгенин башкалар унутса да журналисттер жамааты унута элек. Азыр болсо Атамбаев эмес, Жээнбеков деп «өлөң созуп» жүрөт. Мына, сиздин 120 эл өкүлүңүздүн бирөөсүнүн эле жүзү.

Анысы ал, айтмакчы өткөн жуманын этегинде Ош шаарынан Жогорку Кеңештин кайсы бир депутатынын кеңсесине уурулар кирип, сейфинен 2 миллион 300 миң сом, 70 миң АКШ долларын жана 10 миң долларлык зер буюмдарды уурдап кетишкени боюнча маалымат чыккан. (чет жактан дарылануу үчүн мындай акчанын жарымын да таба албай жаны кейип жаткандар же жарык дүйнө менен кош айтышып кеткендер канча-ред.) Бирок, ал акча кайсы депутаттыкы экени айтылган эмес. Минтип ал окуядан көп массалык-маалымат каражаттары Азамат Арапбаевге таандык экенин жазып чыгышты. ИИМ азырынча негедир бул окуя боюнча расмий маалыматын айтпай турат.

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: