Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы 2010-жылдагы улут аралык араздашуудагы 500дөй адамдын өлтүрүлүшү боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн эл аралык Гаага сотуна өткөрүп берүүнү даярдап жатышкандыгы айтылууда.
Жакында эле бул багытта Англияда өткөн эл аралык жыйынга бул тема боюнча адис, илимдин доктору, профессор Аблабек Аcанканов чакырылып, барып катышып келгендиги белгилүү болду. Кийинки жыйын Германияда даярдалып жатат.
2010-жылы апрелдеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти басып алган Убактылуу өкмөт тез арада өлкөдөгү абалды стабилдештирүүнүн ордуна күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо өзбек жарандарынын добушун өзүнө оодаруу үчүн жанталашып, алардын лидерлерине ар түрдүү саясый убадаларды бере башташкан. Анын натыйжасында улут аралык араздашуу чыгып, 500дөй адам бөөдө өлүмгө туш болуп, 1000ге жакыны оор жаракаттарды алган. Ошол эле жылы Убактылуу өкмөттүн чакыруусу боюнча келген эл аралык Киммо Килюнен жетектеген комиссия да, алтургай Абдыганы Эркебаев жетектеген улуттук комиссия дагы өздөрүнүн корутундуларында бул араздашуудагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн күнөөлөрүнө атайын токтолушкан. Алардын жоопкерчилигин кароо талаптары да кабыргасынан коюлган.
Эл аралык уюмдар араздашуу чыгардын алдында жана чыккан учурда бийликте турган адамдар аны жөнгө салууга жөндөмсүз болгондугунан кан төгүү чыгып, чоң трагедияга айланып кеткендигине басым жасашкан. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүн актоо максатында сепаратизм тууралу так эмес маалыматты таратып, эки элди кайраштырган деп эсептешет. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эл аралык укуктун “Адамгерчиликке каршы кылмыш” беренеси боюнча соттолууга тийиш деген тыянакка келишүүдө. Бул окуя мындан ары кандайча өнүгөрүнө көз салып туралы.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ