Menu

Казакстан Илон Масктын ракетасы менен эки спутник учурат

Бөлүшүү:

Казакстандын коргонуу жана аэрокосмос өндүрүшү министри Бейбит Атамкулов “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттерине “SpaceX” компаниясынын “Falcon-9” ракета-алып жүрүүчүсү менен эки спутник учура турганын ырастап, жеке менчик компанияны эмне үчүн тандашканын түшүндүрдү.

6-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстан америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын “Space X” компаниясы чыгарган “Falcon-9” ракетасы менен эки илимий-технологиялык спутник учурууга камынып жатканын жазган.

Бейбит Атамкуловдун айтышынча, буга чейин спутник учуруп жүргөн “Днепр” программасы жабылып калганына байланыштуу Казакстан чет элдик ракета-алып жүрүүчү издешкен.

– Арзан. Өзүбүзгө ылайыктуу ракет издедик. Кийин “Falcon-9”, “SpaceX” компаниясын тандадык. Алдын ала дайындыгы, камсыздандыруусу бар. Баасы 1 миллион 400 миң долларга түштү. Бул өтө арзан баа десек болот. Себеби биз бир учурда эки жандоочту учурабыз. Бир ракета менен бир жандоочту учуруу 10-30-миллионго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн. Ал эми биз спутникти башка элдердин жандоочтору менен чогуу учурабыз, – деди Бейбит Атамкулов.

АКШнын жеке менчик “SpaceX” компаниясы “Falcon-9” ракета-алып жүрүүчүсү – бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета түрүнө кирет. Илон Маск ракетанын жерге кайтып келүү тажрыйбасын сынактан ийгиликтүү өткөрүп, коммерциялык космос тармагында чоң өзгөрүү жасаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: