Menu

Надира Нарматова, экс-депутат: “КСДП өкүлдөрүнүн чектен ашкан аракетинен тоюп, араң турган карапайым эл өз баасын берип коюшу мүмкүн…”

Бөлүшүү:

Н.Нарматова: Бюджеттен айлык акы алгандын баары, кызмат ордунан, жеген тамагынан ажырап калбаш үчүн, жүрөктөрү “КСДП”- деп согот

– Надира эже, коалиция кайсыл партиялардан куралышы мүмкүн? Аны КСДП өзү баш болуп бузганын кандай кабыл алдыңыз?

– Коалициянын бузулушуна таң калуунун деле кереги жок. Бул эчак эле бышып жетилген маселе болчу. Коалицияны СДПК, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан түзүүнү каалашат. Бирок мындай болгондо үч фракциянын жетекчилери түндүктүн кулундары болгондуктан, регионалдык түзүлүшкө туура келбей калат. Ошону эске алып, коомчулукта туура эмес пикирди жаратпаш үчүн “Өнүгүүнү” же “Бир Болду” кошууну ойлошу мүмкүн. Бир-эки депутатын эске албаганда оппозиция болгонуна карабай эч кандай позициясын билгизбей калыстык позицияны карманып, унчукпай келе жатканына караганда “Бир Бол” фракциясын коалицияга кошууга аракет кылышы мүмкүн. “Ата Мекен” менен “Өнүгүү”фракциялары оппозицияда калат. Анткени, КСДПнын депутаттары ушул эки фракциянын айланасында акыркы мезгилде түшүнүксүз суроолорду, жоопсуз калган тирешүүлөрдү, негизсиз каралоолорду жаратып келет.

– КСДП коалицияны таркатууга неге кызыкдар болду?

– КСДП фракциясынын коалицияны таратууда өздөрү демилгечи болгондон башка арга калган жок. Себеби, “ынтымак болбогон жерде, ырыс болбойт”, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы”- деп айтканга мүмкүн болбой калды. Башкаруучу коалиция болгону менен беш фракция беш тарапты карап, ич ара тирешүү, өз ара нааразычылыктар күндөн-күнгө өсүп олтуруп, бири-бирине болгон көз караштардын, пикирлердин тирешүүсү чегинен ашып кетти. Натыйжада, ийри олтуруп түз кеңешүүгө мүмкүн болбой, көпчүлүк коалициянын кадыры кетип, коомчулукта парламентке жетип келген фракциялардын жекече амбициялары мамлекеттин кызыкчылыгынан алдыга озуп чыкты. Жекече тирешүүлөргө жетип, коомчулукта парламентке болгон жек көрүү сезимин пайда кылды. Бул тирешүү эч убакта ийгиликтердин жаралышына, пикирлердин дал келишине алып келбейт. Коалицияны түзгөн фракция катары СДПКнын башкаларга чыгып кетүү жөнүндө сунушун айтканы менен , чырмалышкан тирешүүлөрдөн улам, СДПКнын айткан сөзү “арык аттап, суу кечпей калгандыгын” түшүнүштү. Өздөрүнүн айткан ойлорун , өздөрү каалагандай аткаруу кызыкчылыгы биринчи орунда тургандыктан, айтканда “хоп майли”- дегендерди чогултуу максатында ырас, тирешип турган фракциялардан кутулуунун бирден бир амалы катары, коалициядан чыгып, коалицияны бузуу жолу менен “тазалануу ыкмасы”- деп, түшүнсөк болот.

– Колициянын  ыдыроосунун аркасында дагы кандай саясат жатышы мүмкүн? Президенттик шайлоого да даярдык болушу ыктымал да?

– Коалициянын ыдыроосунун негизги бирден-бир саясаты эмки жылда боло турган президенттик шайлоого карата аттануучу талапкерлердин тизмесин тактоо, пикирлештерди бир жерге чогултуу, каалагандай бирдиктүү саясатты жүргүзүү, Конституциялык референдумду өткөрүү болушу мүмкүн.

– Премьер-министрлик кызмат “Республика-Ата Журт” партиясына берилиши  мүмкүнбү?

– Премьер-министрлик кызмат “Республика – Ата Журтка” эч убакта берилбейт. Айыл өкмөттөгү кароолчудан баштап, жогорку эшалондогу чиновниктердин  90 пайызы КСДПнын кадрлары. “Мамлекеттик кызматкер”- деп, аталган бюджеттен айлык акы алгандын баары, кызмат ордунан, жеген тамагынан ажырап калбаш үчүн, жүрөктөрү “КСДП”- деп согот. Президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдон чыгарбаш үчүн премьер-министрлик кызматты КСДП башкага бербейт. Анткени, эки ача пикир менен иштешип тирешкенден көрө, “эки тизгин бир чылбыр” же болбосо бүгүнкү күндөгүдөй “үч тизгин бир чылбыр”- дегендей, саясат жүргүзүү жеңил болот. Бирок, коомчулукта жакшы маанай түзүлбөйт. Анткени, жер-жерлерде КСДПнын жүргүзгөн саясатынан, анын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз чектен ашкан аракетинен тоюп, араң турган карапайым эл өз баасын берип коюшу мүмкүн. Экинчиден, “Республика -Ата Журт” фракциясынын жетекчисин президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер катары алып чыгууну макулдашкан болсо, премьер-министрлик кызматты берип коюшу да мүмкүн. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”- деген таризде айтып болбойт. Өткөн жылдагы шайлоонун шайтан оюндарынын жыйынтыгынан көрдүк да. Корейлердин аппараты кимдер үчүн иштегенин, ким кантип ийгиликке жеткенин. Мыйзамды уруп ойнобой кыргызча түшүнүктөр менен, жекече өч алуу, кекчилдик, өзүнөн жогору тургандарды жолунан тазалоо пландарын алдын ала ишке ашыруунун амалдарын ойлоп табуу жагынан биздин өлкөдө өтө жогору деңгээлде өздөштүрүп алышты. Ошондуктан кыйналып, кысталып, чайналып, ордубуздан жыла албай, бузук телефон оюнунан алыс кете албай жатабыз. Болбосо алты жылда алты жолу өкмөттү отставкага кетирет деген эмне жакшылык? Канчалаган экономикалык ысырапкерчилик. Ушинтип олтурса мамлекет өнүгөбү? Эч ким жооп бербейт. Ар бир өкмөттүн отставкага кетип кайра шайланышы мамлекетке канчалаган экономикалык чыгымды алып келет. Мына азыркы акыбалда зарылчылыгы бар беле? Жылдын жыйынтыкташ керек, республикалык бюджетти даярдап келип, Өкмөт бекиттириш керек, кычырап кыш кирип келди, эгинин саталбай жүргөн, жыйым теримин бүткөрө албай жаткан карапайым элди ойлогон адам жок. Жеке амбицияларын ичине батыра албай, бири биринен кутулуунун, басынтуунун, өз ойлорун ишке ашыруунун эң жеңил, ынгайлуу жолу катары коалицияны бузуу деп, жыйынтык чыгарышып, Өкмөттү отставкага кетиришти . Саясатчылар саясий оюнун жасай берет, 10-15 киши чогулуп алып, өз тагдырын өзү чечип, түйшүккө баткан карапайым элдин эле шору.

– Түп нускасы жоголгон Конституцияны кандай тагдыр күтүшү мүмкүн? Жоголгон Конституцияга ким жоопкерчилигин мойнуна алат?

– Түп нускасы жоголгон Конституциянын тагдырына Конституциянын атасы деп аталган Өмүрбек Чиркешович Текебаев баш болгон Конституциянын авторлору жана акыркы кол койгондор, референдумду өткөргөнгө кызыкдар болгон Убактылуу Өкмөт жана БШК, 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан мамлекет башчылар так жоопту бербесе, башка эч ким жооп бере албайт. Бул жакшы акыбал эмес, дүйнө жүзүндө маскара болдук. “Түп нускасы жок Конституциясына өзгөртүү-толуктоо киргизип жаткан кыргыздар”- деп, күлкү келээрлик акыбал жаралды. Айласы кеткен бийлик “түп нускасы болуп “Эркин Тоо” газетасына чыккан материал эсептелет”- деген да маалымат айтып жиберишти.  Конституциянын туп нускасынын жоголуп кеткендигине мыйзам чегинде тиешелүү жоопкер адамдар жооп берер. Мүмкүн бүгүн болбосо, заман өзгөрөт, коом алмашат. Тарых деген тарых. Тарыхты эч ким өчүрө албайт. Мезгил өзү тараза, убакыттын өтүшү менен мезгил өз ордуна койот, баасын берет.

– Түп нускасы жок Конституцияны өзгөрткөнгө болобу?

– Конституциянын туп нускасы эмес, кылмыш ишин материалдын туп нускасы болбосо козгой албайт. Конституциянын түп нускасы чындап эле жок болгон болсо, анда ага өзгөртүү киргизүү негиздүүбү? Мен бул суроого так жооп берүүдөн алысмын. Анткени, бул окуядан кийин атайын кесипкөй эксперттер, канчалык деңгээлде мыйзамдуулугун карап жатышкандыр.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: