Мындай пикирин жаш саясатчы Тимур Саралаев интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыкты: – Эмоция эмоциясы менен, бирок Биринчи деген ким?! Биринчи деген: үлгү болчу адам, мамлекет башчы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтчү киши, ал – өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыкчу адам, Биринчи – Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы. А биз эмнени көрүп жана угуп жатабыз!? Ар бир чыгып-сүйлөгөнү “шедевр”, мына соңкусу эле кандай болду, жумурай-журттун баары “переваривать” кыла албай жатат. Анан, “бир жерин кысып иштебе…”, деген сөзүн кандай түшүнсө болот?! Мен кайра келем, же кетпейм деген кыйытуубу? Үлгүбүз ушул болсо, анда жаш балдар-кыздардын көчөдө сөгүшкөнүн көрүп таң калып эмне кылабыз…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ