Menu

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековду  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

«Улуу Жеңишке мурунку Советтер Союзунун бардык элинин жалпы душманга каршы бир сапка туруп жасаган эрдигинин, каармандыгынын, биримдигинин жана жанын аябастан эмгектенүүсүнүн натыйжасында жетишилген.

Согуш талаасында жана оорукта биз үчүн жеңишке жетишкендердин элесин эскерип, алардын теңдешсиз эрдиги менен сыймыктанабыз.

Мезгилдин сыноосунан өткөн биздин өлкөлөрдүн достук жана кызматташтык мамилелери боордоштуктун, өз ара сыйлоо, колдоо жана жардам берүү салтын улап, мындан ары да элибиздин жыргалчылыгы, тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн бекемделип, өнүгө берерине ишенемин.

Сизге бекем ден соолук жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакубаттуулук, мындан ары да туруктуу өнүгүп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: