Былтыр күзүндө камакка алынган «Умед-88» май куюу түйүндөрүнүн башчылары күнөөлөрүн моюндарына алышты. Бул тууралуу 17-июлда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Вали Вахабов билдирди.
Анын айтымында, ишкерлердин иши боюнча тергөө аяктап, учурда ал өлкөнүн Жогорку сотунун кароосунда.
«Умед-88» май куюу түйүндөрүнүн башчысы Ражабали Одинаевге карата насыя катары берилген ири сумманы уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишенип берилген акчаны коротуу айыптары тагылган.
Кылмыш иши жашыруун тергелгендиктен, бул боюнча адвокаттар менен тергөө органдары эч кандай комментарий беришкен жок.
Раджабали Одинаев менен “Умед-88” компаниясынын директору Идибек Ибрагимов былтыр күзүндө камалган. Андан бир нече күн мурда президент Эмомали Рахмон Каржы министрлиги түшүнүксүз жолдор менен “Умед-88ге” мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя берген деп сынга алган. Мамлекет башчынын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып берген эмес.
Жетекчилери камакка алынганга чейин «Умед-88» компаниясы «Газпромнефть-Тажикстан», «Тажик Петролиум» жана «Аурум Спика» компаниялары менен катар өлкөнүн күйүүчү май базарында алдыңкы позицияларды ээлеп келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ