Menu

“Икрамга караштуу” делген 7-канал Келдибековду колдоп, Сатыбалдиевди сындаганда

Бөлүшүү:

Кызык жагдай. «Икрам Илмияновго караштуу» делген 7-канал аз күн мурун Ахматбек Келдибековду коргоп, “Ала-Арча-1деги” жаңжал, докторлук диссертациясынан жаралган чуу боюнча атайын берүү даярдады. Ал материалда Келдибековдун кылдай дагы айыбы жок экенин жар салышып, ага карата каралоо кампаниясы жүрүп атканын маалымдашты. Ошол эле маалда Жалал-Абад губернатору Кыянбек Сатыбал­диевди «бир күн оору, бир күн соо» болгонун, эл ме­нен жолугушууга келбей безгенин далилдешип, катуу сынга алышты. Сыягы, Икрам акыры Кыяндын түбүнө жеткени калды окшойт. Баса, кзэ бир ьңгайларда УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин «короосуна да таш ыргытмай» көрсөтүүлөрүнө не дейбиз? Кыскасы, 7-каналдын авантюралык берүүлөрүнө таңгалгандар арбын. Мунун өзү Илмияновдун ин­триганы мыкты жүргүзгөн адис катары такшалып калганын тастыктайбы? Бийликтеги ишенимдүү кадрларды жөөлөп, ошол эле учурда оппозиционер Келдибековду көтөрмөлөгөнү кандай? Же Ахматты мактап туруп, ыңгайы келгенде жайлайбы? Ай ким билет, иши кылса Икрам мастерсиң да, мастерсиң…

Булак: Азия ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: