Menu

Жер үлүшү менен шантаж кылгысы келген Фариддин “компроматы” суу кечпейт

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев менен анын башкы идеологу Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбековго карата эптеп таап чыккан «компроматы» анын Чүй облусундагы жерлери болуптур. Бирок, бул ал экөөнө эле жаңылык болбосо, башка эч кимге деле жаңылык эмес.

Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп ажолукка аттанган 2017-жылы шайлоо алдындагы үгүт компаниясы башталаар алдында ал учурдагы штаб башчы Фарид Ниязовдун «акылы» менен Чүйдөгү айдоо жерлерин, ал жактагы акыркы 20 жылдан берки курап, түптөп келе жаткан дыйканчылык жана мал чарбасын көрсөткөн экен. Аны видеого дагы тартып алышкан. Ниязов баш болуп, «Форум» бүтүндөй ошол чарбадан ширин коон-дарбыздарды жешкенин танбаса керек. Эми ошол учурда тартылган кадрларды уялбай Фарид Ниязов «Апрель» каналына чыгарып, өтө чоң жаңылык кылып көрсөтүп, «Чүйдүн жерлерин президент Сооронбай Жээнбеков басып алды» деген түркөй түшүнүктү элге сиңириш үчүн ажого каршы пайдаланууда.

Билген адамдардын айтымында, бул жерлер бир эле күндө пайда боло калган жок, Жээнбеков өмүр бою айыл-чарба, мал-чарбачылыгы, жер иштетүү менен алектенип келе жатканын бардык саясатчылар билишет.
2000-2010-жылдары өлкөдөн сыртка көчүп кетип аткандар жерлерин ит бекерге сатып жаткан кезде Сооронбай Жээнбеков ушул жерлерди сатып алып, менчик чарбасын түптөп баштаган. Курманбек Бакиевдин учурунда жумушсуз жүргөн маалында ошол чарбасы менен алектенгени маалым.

Бул жерлер боюнча Сооронбай Жээнбеков маектеринде дагы айтып, жубайы үй-бүлөлүк дыйкан жана мал чарбачылыгы менен алектенгенин айткан жайы бар. Бул чарба иштери анын үй-бүлөсүн үн кирешесинин негизги булагы экенин АША да, башка «Форумчулар» да жакшы билишет.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башына келгенге чейин жана келгенден кийин дагы сөз болуп жаткан жерлерин өзүнүн декларациясына ачык-айкын көргөзүп келет. Бирок анын аянты 110 гектар эмес экенине ажонун декларациясын бир карап койсоңуз ынанасыз.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: