Menu

Cүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен сенсация жараткан Чубак ажы Жалилов

Бөлүшүү:

Айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов ар качандан бир качан өзүнүн сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен сенсация жаратып келет. Бул ирет да Орозо ортолоп калганда коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылып, оозубузду Ошко каратты. Атың өчкүр коррупция ушунчалык карапайым калктын көңүлүнө көк таштай тийгендигин ушундан билиңиз, ажыкенин бул сунушун жамы журт, ал тургай мурда-кийин кош никелүүлүккө каршы болуп жүргөн айымдар да колдошуп, позициясы бир болуп чыга келди. “Укмуштуунун төөсү жорго” деп ушуну айт, экс-муфтий жемкорлорго жаназа окууга тыюу салуу боюнча да Аалымдар кеңешине кайрыларын билдирди. Мындай демилгени колдобогон тарап “сот реформасы толук ишке аша элек кезде өлүм жазасын киргизүү кайсы бир саясий буюртмалардын аткарылышына жол ачат” деп туурасынан тура калууда.

— Биз кыйынбыз го, “Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен” дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен — ​Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек”, — ​деп ажыке бутпарастардын тартибин колдонууну сунуш кылды. Ажыкенин бул пикирин дагы бир айтылуу дин аалымы Кадыр Маликов да колдоп:- Биздин өлкө — ​дүйнөбий багыттагы мамлекет. Андыктан мен диний ишмер эмес, жөнөкөй жаран катары өлүм жазасын киргизүүнү колдойм. Киши өлтүргөндөрдү, педофилдерди жана ири өлчөмдө акча жымырган коррупционерлерди жазалаш үчүн өлүм жазасын киргизиш керек, — ​деди. Баарынан кызыгы, бул эки аалымдын жемкорлукка каршы күрөшүү үчүн өлүм жазасын киргизүү тууралуу ойлорун көпчүлүк эл колдоп жатат. Эгер бийлик да макул болуп, депутаттарыбыз тиешелүү мыйзам кабыл алып беришсе, мамлекетибизди ажыдаардай арбаган балакеттен биротоло куталар белек. Же “жакшыларыбыз” өздөрүнө өздөрү өлүм жазасын өкүм кылууну каалашпайбы?…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: