Menu

“Атамбаевдин таразачысы” аталган Албек Ибраимов да жакын арада соттолот…

Бөлүшүү:

Сыягы, экс-президент А. Атамбаевдин акыркы бийликте калган кадры катары саналган Бишкектин мэри А. Ибраимов да жакын арада соттолот окшойт. Себеби азыр ага карата Улуттук коопсуздук кызматы “ТНК Дастан” ААКсына ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Көрсө, “Атамбаевдин таразачысы” аталган бул адам аскердик багыттагы ишкананы жетектеп турганда ири суммадагы акча “операциясын” жүргүзгөн экен. Бирок ал өзүнө коюлган айыптарды моюнга албай, “Кылмыш иши Ибраимовдун үстүнөн эмес, атайын буюмдарды сатып алуу фактылары боюнча козголду. Биз ал иштин алкагында так түшүндүрмө берүүгө даярбыз”, — ​деди.

Анын айтымында, “Дастан” аскердик продукцияларды өндүргөндүктөн, көп нерсени ачык айтуу мүмкүн эмес. Ошондой эле шаар жетекчиси учурда көптөгөн ведомстволордо ушул сыяктуу текшерүүлөр жүрүп жаткандыктан, бул кылмыш ишинде саясий боектор бар деп так кесе айта албастыгын кошумчалады. УКМКын маалыматы боюнча, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн.

Ошондой эле муну менен “ТНК Дастан” ААКсы жана “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени айтылган.

А. Ибраимовго карата мындан тышкары 9900 сомдук көчөттөр, 2,7 гектар жердин А. Атамбавге аялы аркылуу сатылышы сыяктуу да иштер күтүп турат…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: